super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 8-ФЕВРАЛЬ: 180 жыл мурун Петербургда Пушкин менен Дантестин ортосунда акындын өлүмүнө алып келген эрөөл болгон

 

Мындан 180 жыл мурун, 1837-жылы 8-февралда Петербург шаарында улуу акын Александр Пушкин менен орус армиясында кызмат кылган француз Дантестин ортосунда эрөөл болгон. Пушкин ичине тийген октон катуу жаракат алып, жооп катары Дантести оң колуна атып, ал жеңил жаракат алган. Катуу жарадар болгон акынды окуя болгон жерден үйүнө алып келишкен. Дарыгерлердин анын өмүрүн сактап калууга жумшаган аракеттерине карабастан Пушкин эки күндөн соң, 10-февралда көз жумган. Бүгүнкү күндө дуэль болгон жерде, Темир жол линиясы менен Коломяж кең көчөсүнүн кесилишинде (Кара дарыянын аймагында) акындын урматына эстелик орнотулган.

Падышалык аткаминерлер Александр Пушкиндин артынан аңдып, чыгармаларынын көбүн басып чыгарууга тыюу салышкан, жеке турмушуна жана ишине кийлигишкен. Акын аларга каршы кайраттуулук менен күрөшүп, ишин уланткан. Дантес менен Пушкиндин жубайы Наталья Гончарованын ортосунда сүйүү мамилеси бар деп айтылып, акынга аялынын ак эместиги жөнүндө анонимдүү каттар келип турган. Мындан улам чыдамы түгөнгөн акын Дантести эрөөлгө чакыргандыгы айтылат.

8-февралга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: