super.kg logo
  Саясат  

Бишкекте Жеңиш күнүнө карата “Георгиев тасмасы” аттуу акция болду

 
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери
Мектеп окуучулары концерт тартуулашты
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери
Согуштун ардагерлерин куттуктап келген мектеп окуучулары
Акциянын уюштуруучулары
Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Андрей Крутько
"Георгиев тасмасы"
Согуштун ардагерлерин куттуктап, аларга ыр арнаган мектеп окуучусу
Согуштун ардагерлерин куттуктоого келгендер
Согуштун ардагерлерин куттуктап келген мектеп окуучулары
Согуштун ардагери Асад Гасанов жаш муунга каалоо айтууда
Окуучулар согуштун ардагерлерине гүл тапшырууда
Окуучулар согуштун ардагерлерине гүл тапшырууда

Бүгүн, 30-апрелде Бишкек шаарындагы Жаш Гвардия бульварында 9-Май - Жеңиш күнүнө карата “Георгиев тасмасы-2013” аттуу акция болду. Иш-чара Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан уюштурулуп, быйылкы жылды кошкондо 4-жолу белгиленди. Анда Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери конок катары чакырылып, Бишкек шаарындагы №8-9-13-мектептердин окуучулары келген ардагерлерге чакан ыр-бий тартуулоо менен таазим кылып гүл тапшырышты.  

“Акциянын негизги максаты - келечек муунга бейпил жашоо калтыруу үчүн Ата Мекендик согушка катышып, баатырларча курман болгон аталарыбыздын жана арабыздан азайып бара жаткан согуштун ардагерлеринин элестерин түбөлүккө калтыруу”,- дейт Орусия кызматташтыгынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматкери Роман Перфильев.  

Өз кезегинде ардагерлер дагы жаштарга, келечек муунга бейпил жашоо, жаркын келечек каалашты. Соңунда келген конокторго жана катышуучуларга “Георгиев тасмалары” таратылды. Белгилей кетсек, “Георгиев тасмасы” – кара жана саргыч түстө болуп, кара түс – түтүндү билдирсе, кызгылтым түс – отту, жалынды түшүндүрөт. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: