Жеңиш күнүн согуштун ардагерлери президент Алмазбек Атамбаев менен бирге белгилешет
9-Май - Жеңиш күнүн майрамдоого Бишкек шаардык мэриясы 10 миллион сом сарптайт. Бул тууралуу бүгүн, 30-апрелде вице-мэр Айгүл Усубакунова билдирди. Айтымында, 3-майда Боордоштор көрүстөнүндө согуштун баатырларын эскерүү митинги болот. “7-майда “Сейтек” балдар жана өспүрүмдөр борборунда майрамдык кече уюштурулат. Ушул эле күнү Жеңиш аянтындагы өчпөс отко гүл коюлуп, Панфилов эстелигине чейин факел кармап жөө жүрүш уюштурулат”,- деди Усубакунова.
Ал эми 9-майда президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусу менен Жеңиш аянтында эскерүү митинги болуп, атайын даярдалган жайда Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине фронттук ботко берилмекчи. "Ал эми Түштүк Дарбазада майрамдык концерт болот”,- деди Усубакунова.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
19:52
2025-06-26
Рейтинг:
0

