super.kg logo

Эгер Бажы кызматы быйыл акча чогултуу боюнча планды аткарбаса, мекеменин башчысы жазага тартылууга даяр

 

Эгер Мамлекеттик бажы кызматы акча чогултуу боюнча 2017-жылга коюлган планды толук аткарбаса, мекеменин башчысы Азамат Сулайманов тиешелүү жазага тартылууга даяр. Бул тууралуу ал өзү бүгүн, 8-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Бажы кызматы 2 миллиард сомго чукул акча чогулта албай, 2016-жылга коюлган планды аткарган эмес. "32 миллиард сом чогултуу пландалган болчу, бирок бул көлөмдүн 92 пайызын чогулта алдык. Пландын толук аткарылбай калганы өлкөнүн Евразиялык экономикалык биримдигине киргенине байланыштуу. 2017-жылга план былтыркыныкы менен бирдей. Быйыл соода агымдарын сактап, жылга коюлган планды толук аткарууга аракет кылабыз. Эгер план аткарылбаса, жазага тартылууга даярмын", - деди Сулайманов.

Депутат Эльвира Сурабалдиева "Эгер план аткарылбаса, кызматтан кетүүгө даярсызбы?" деп сураганда, Сулайманов макулдугун билдирип башын ийкеди.

Айта кетсек, Бажы кызматынын башчысы Азамат Сулаймановдун айлык акысы 32 миң сом экени белгилүү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: