super.kg logo
  Саясат  

Садык Шер-Нияз: “Каржы министрлиги "Курманжан датка" тасмасын тартып бүтүрүүгө каражат бөлүп бере элек”

 

Каржы министрлиги "Курманжан датка" тасмасын тартып бүтүрүүгө каражат бөлүп бере элек”. Бул тууралуу бүгүн, 30-апрелде ЖКнын Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин жыйынында тасманын режиссёру Садык Шер-Нияз билдирди. Айтымында, тармактык комитет акча бөлүп берүү тууралуу чечимди айдын башында кабыл алган. “30-апрелге чейин тиешелүү акча каражаты которулбай келет. Бул Каржы министрлигинин парламентке жасаган мамилесин билдирет”,- деди ал. Эске сала кетсек, 8-апрелде ЖКнын Бюджет жана каржы боюнча комитетинде “Курманжан датка” толук метраждуу көркөм тасмасын аягына чыгаруу үчүн бюджеттен кошумча 30 миллион сом бөлүп берүү тууралуу чечим кабыл алынган. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: