super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Эч кимге кереги жок адам экениме эми толук көзүм жетти"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Эч кимге кереги жок адам" деген тема талкууга алына баштады.

Темада автор мындай деп жазган: "Орусияда 1997-жылдан бери иштеп жүрөм, ошондон бери үйгө бара элекмин. Кенже карындашым ошондо бир айлык бөбөк эле, азыр турмушка чыгып, бир балалуу болду. Төрт инимди, үч карындашымды окутуп, үйлөнтүп, үйлүү кылам деп жүрүп 20 жыл өтүп кетиптир. Ушул айдын башына билет алып, кубанычым коюнума батпай атама чалсам, тескери жооп алдым, катуу сөгүп салды. Көрсө, атамдар эки иниме, анан күйөө балама кредитке машина алганы жатыптыр, ошону дагы төлөп бүтүп, анан биротоло келесиң дейт. Мени эч ким күтпөгөнүнө ыза болдум, ыйладым. Жашым 45ке келсе да эч нерсем жок, үй-бүлө курган эмесмин, себеби эки бетимде эки чоң тырык бар, кебетемди бузат. Менден элдер өзүн оолак кармашат, ошого кыз-келиндерге сүйлөп көргөн эмесмин. 2 жашымда жыгылып, ошондон бетимде так калган. Ата-энем да орой мамиле жасачу, бардык жумушту мен жасачумун. Эч кимге кереги жок адам экениме эми толук көзүм жетти".

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Кандай ата-эне алар, тобо?! Келе бериңиз, үйлөнүңүз. Анан кайра барып иштей бересиз. Өзүңүздү ала качпай, кыздарга жакшы мамиле кылсаңыз, анан ачылышат да".

"Азыркы заман ушундай, автор, өзүңдөн башка эч кимге керегиң жок. Түрүм суук дебеңиз, азыр деген заман өнүккөн, пластикалык операция жасатып супсулуу болуп алыңыз, бир туугандарыңызды бутуна тургузуу, үйлөндүрүү сиздин мажбурланган милдетиңиз эмес, ден соолугу жакшыбы, ар кимиси өз арабасын өзү тартсын. Сиздин деле жеке жашооңуз бар да, өзүңүздүн келечегиңиз үчүн өзүңүз аракет кылышыңыз керек. "Берип жаман көрүнгүчө, бербей жаман көрүн" дешет го, канча берсеңиз да, сизди ойлошпосо, эмне пайда? Жалгыз иштеп жүрө бербей, инилериңизди да чакырып иштетип коюңуз".

"Биринчиден, ата-энеңе жана бир туугандарыңа капамын. Экинчиден, өзүңө капамын. Өзүңдү сыйлабасаң, сени ким сыйлайт? Жыл деген алдамчы, жылт этип жылдыз сымал учуп кетет. Ошончо жылда тапканыңды бербе дегим келбейт, бирок өзүң үчүн деле канча бир пайызын салып жүрбөйсүңбү. Ушунча жыл жакындарыңа иштепсиң, жетишет. Өзүң үчүн жаша, пластикалык операция жасат. Өзүңдүн турмушуңду тургуз. Кантип бир аялзаты сен үчүн чыкпасын? Акыл баарын жай-жайга коёт. Байкуш балам, ай, айтканың чын болсо, ата-эне деле курусунчу. Эне кургур кайсы баласы алсыз болсо, ошого жүрөгү ооруп турчу эле го, апаңа эмне болгон десең..."

"Жашыңыз 45те болсо, атаңыз 70тин тегереги болсо керек. Кызык го. Же барбай жүрө бергениңизге өчөшүп калган, же өтө эле бош окшойсуз, "жыгачтын жумшагын курт жейт" деп коёт эмеспи".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(15)
08.02.2017. 18:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-15
Orkundoi bergile jebe tobu
08.02.2017. 19:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
baltabai,тынчылыкпы
09.02.2017. 01:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жашоодо бар мындай ата энелер, мындай ата энени саран зыкым ичи таар деп коет. Баласын ата энеси кичуу кезинен эле психологиясын ушундай жашоого калыптантып коюшат.баласынын тапкан акчасына ээ болуп келечегине воопще баш оорутушпайт. Канча ата енелер россиядагы балдарына чалып качан акча саласын дешет. Ээн ботон эл ботон жерде журушот байкуш балам дебей, салган акчага крутой болуп бир тойго барышса болду, моюнуна алтын тросс, манжаларын толтуруп алтын болсо болду.
Djal1987 түзөттү 2017-02-09 01:29:22
09.02.2017. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Djal1987,эн туура!
08.02.2017. 18:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Адам биринчи озуну ойлоп озу учун жашаш керек
08.02.2017. 20:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
шрам украшает мужчины дегендей байке озунуздун жашоонузду тургузунуз эми а ата эненизден ызааланбан меенетиниз чын болсо четте калбайсыз окунучтуусу жаш кетип калыптыр
08.02.2017. 20:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Сиз даяр акча жасагыч аппарат экенсиз да ата-энениз учун. Тообо сиздин деле бактынызды ойлоп койсо болмок да. Инилериниз го мейли,куйоо балдарга бок барбы дейм да машина алдырып,кызыны алдынбы кет да нары жашоонду жашап,кайната-кайненене геморой болбой. Андан коро кайнагамды уйлонтолу дешпейби. Ушул ич куйоо болуп,эркектик намысын жоготкондор кичине уялсанар болмок...
08.02.2017. 21:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Озунуз го иштен
08.02.2017. 22:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шумдугун куpгуp
08.02.2017. 22:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Силер 45 эмес окшойсунар,ошончо акча таап журуп качан келишти качан кетишти эмдигичекти озунор чече албасанар.ошол жактан уйлон,баары бир силерди азыр эчким деле тааныбай калыптырда,силер уже роботтойэле иштеп журо берсенер,алар эмне башы дагы оорубайт да акчанар эле керек экен аларга силердин.мен бузгандай болбойун бирок эмитеден ойлонбосон,баарынан куру каласынар
08.02.2017. 22:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суперстанда апыртмачылар кобойуп кетти ангеменида мындай окшоштуруп жазгылачы
08.02.2017. 23:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бул темага анча ишенбей жатам азыр 45 жаштагы адам баардыгын билет эмне кылышты андан жаштар деле ойлонотго озунун жашоосу жонундо.
09.02.2017. 01:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ишенсе болот мен да Россиядамын коп эле жаш балдар кыздар Ата энесин Бир тккгандарын иттей иштеп окутуп багып жатышат,же оздору окубаган,ошентседа Бир орустун тилин таап уйундогулордун баарын гулдой кылып багып жатышат!Ар биринин мээсинде КРге барып каерде иштейм кантип жашайм деген суроо жеп иштешет!Инвалид болбогондон кийин баары Оз арабасын тартыш керек туурабы?Жаш Ата энелерге абдан капамын оздору уйдо ыссык печканын тубундо отурат бешиктен бели чыга элек балдарын иштетип койуп
09.02.2017. 01:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кобу эле айтышат Аны кылыш керек муну кылыш керек деп,туура кылыш керек бирок оздорун да унутпаса!Ата эне багуу милдеттуубуз туура бирок баардык нерсе орду менен болсо!байкуштардын тапканы,той аштан ашпайт кундо тапса кундо жок,кундо тулку жеп кетет,айда тапса айда жок ,айда тулку жеп кетет
09.02.2017. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул эркек экен мейли,ушундай ата энелер бар,кыздарына үй салдырат эки кабат,эр качпайт үйдү биринчи оңдо деген,көрүп эле жүрөбүз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: