Барак Обама президенттиктен кеткенден кийин миллиардердин аралында эс алды







АКШнын экс-президенти Барак Обама улуу британиялык миллиардер Ричард Брэнсондун Москито аралында эс алып, кайтсёрфинг спорт түрүн өздөштүрдү. Бул тууралуу "Виргин" басылмасы жазып чыкты.
"Барак Обама жана Мишель Обаманы чакыруу мен үчүн сыймык. Обама президент болор алдында Гавайиде эс алыптыр. Кийинки 8 жыл бою ал саякаттай албай, суу спортунан ырахаттана албай же жөн эле өзү жакшы көргөн нерсесин кыла алган эмес", - деген миллиардер.
Ричард Брэнсон флайборд суу спортун өздөштүрүүнү баштап, экс-президент менен жарышка түшкөн. Жыйынтыгында суу үстүндө Барак Обама Ричард Брэнсондон 50 метрге көбүрөөк жүрүп, мелдешти утуп кеткен.
Миллиардер экс-президент менен дагы жолугуп, мелдешке түшүүнү пландап жатканын кошумчалаган.
Президенттиктен кеткен Обама
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
1

Кайда журсо да аман болсун, ден-соолугу чын болуп уй-булосу менен келечектин кызыгын корсун.