super.kg logo

Аза күтүү күнүндө мектептин чатырынан кулап кеткен окуучунун абалы турукташпай облустук ооруканага которулду

 

Базар-Коргон районунда 17-январь - аза күтүү күнүндө мектептин чатырынан желекти түшүрүү үчүн чыгып, кулап кеткен окуучу Жалал-Абад шаарындагы ооруканага которулду. Бул тууралуу бүгүн, 9-февралда SUPER.KG порталына Базар-Коргон районунун тургуну, кырсыкка кабылган окуучунун апасы Тиллекан Ибраимова билдирди.

"Балам Маматкерим уулу Мусанын буттарындагы көгөргөн тактар кете элек. Бир бутунун шишиги 20 күн болсо да тарай элек. Ал эми көзүнүн көрүүсү жакшырбай жатат. Облустук ооруканага алып келсем дарыгерлер "райондук бейтапканада өтө күчтүү дарыларды берип салыптыр" дешти. Бүгүн рентгенге түшүрүшөт. Буту 3 жеринен сынып кетиптир. Дарыгерлер мээси ордунан жылып кеткен деп жатышат", - деп билдирди чатырдан кулаган окуучунун апасы Ибраимова.

Маалыматка ылайык, окуучунун мектептин чатырынан кулашы боюнча кылмыш иши козголгон эмес. Бирок Жаңы-Акман айылындагы Токтогул атындагы мектептин директору кызматынан бошотулган.

"Райондук прокуратурага арыз жазып кайрылсам, жетекчиси тергөөчүгө алып бар деп койду. Анысы да баламды бир көрүп туруп, эч сөз айтпай кайра кетип калды. Эгер бул факт боюнча прокуратура иш алып барбаса, облустук, республикалык прокуратурага кайрылам. Мыйзам чегинде иш алып барышын талап кылам", - деп кошумчалады Ибраимова.

Эске салсак, 17-январда Жаңы-Акман айылындагы Токтогул атындагы мектептин окуучусу мектептин чатырынан кулап кеткен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
09.02.2017. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жардам берейли туугандар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: