super.kg logo
  Саясат  

ЖЫЛНААМА, 9-ФЕВРАЛЬ: 33 жыл мурун советтик саясий ишмер Юрий Андропов көз жумган

 

Мындан 33 жыл мурун, 1984-жылы 9-февралда советтик саясий жана мамлекеттик ишмер Юрий Андропов көз жумган. Ал 1914-жылы 15-июнда Ставропольск крайында төрөлгөн. 1930-жылы механикалык устаканаларда темир уста катары эмгек жолуна кадам таштап, телеграф жумушчусу, кемелерде матрос болуп иштеген. 1936-жылы Рыбинск шаарындагы Суу транспорту техникумун бүтүрүп, 2 жылдан кийин Ярослав облустук комитетинин Жаштардын бүткүл союздук лениндик коммунисттик союзунун биринчи катчысы болуп иштеген. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында партизандык отряддарды, райондук комитеттерди уюштуруу иши менен алектенген.

1944-жылы сентябрда Петрозаводск шаардык комитетинин экинчи катчысы, 1947-жылдын январында Карелиянын Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин 2-катчысы болгон. 1953-жылы СССРдин Тышкы иштер министрлигинде иштеп, 1954-1957-жылдары СССРдин Венгер Элдик Республикасындагы толук кандуу элчиси болуп дайындалган. Мындан тышкары бир катар саясий кызматтарды аркалап, 1982-жылы ноябрда Ю.Андропов Советтер Союзунун Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин башкы катчысы болгон. Ал бийликте турган мезгилде өлкөнү социалдык-экономикалык жактан кайра курууга багытталган курсту жарыялаган. СССРдин башчысы кызматында 1 жылдан ашык убакыт турган. Ал 15 айлык башкаруусу учурунда партиялык аппараттын кызматкерлерине тартипти бекем кылып, жумушчу орундарында эмгек дисциплинасын орноткон. Ошондой эле ал СССРдеги паракорчулук маселеси менен күрөшүүнү күчөткөн.

9-февралга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: