Депутат Сузак районунда 2006-жылы курулушу башталган спорттук зал дале бүтпөй жатканын айтты

Сузак районундагы Кызыл-Сеңир айылындагы спортзалдын курулушу 2006-жылдан бери бүтпөй жатат. Бул тууралуу 9-февралда “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов билдирди.
“Курулуш үчүн Каржы министрлигинен 1 миллион сомго жакын акча бөлүнүп берилип, бирок иш токтоп калган. Андан кийин жергиликтүү тургундар чет мамлекетте мигрант болуп иштеп келип, 2,5-3 миллион сомго чейин каражат чогултуп, 80 пайызын бүтүрүп коюшту. Өкмөткө протоколдук тапшырма берип, спортзалды толук бүтүрүүгө аракет кылуу керек”, - деди эл өкүлү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:05
2025-07-05

9:20
2025-07-05
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Begimkyz.

09.02.2017. 11:37
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин айылым)))
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.