super.kg logo
  Саясат  

ЖКнын аппараты: "Азиз Батукаев боюнча депутаттык комиссиянын ишинин жүрүшү тууралуу бизде маалымат жок"

 

"Укук коргоо органдарынын "мыйзамдагы ууру" Азиз Батукаевди камактан бошотуу жана анын өлкөдөн чыгып кетүү фактысын иликтеген депутаттык комиссиянын иши аягына чыга элек". Мындай маалыматты бүгүн, 30-апрелде ЖКнын басма сөз кызматы билдирди. Бугай чейин ММКларга иликтөө ишинин жүрүшү тууралуу маалыматтар депутаттык комиссиянын мүчөлөрү же комиссияга чакырылган адамдар тарабынан берилип келген. 

 

"Депутаттык комиссиянын отурумдары жабык өтүп жаткандыктан, азырынча Жогорку Кеңештин аппаратында комиссия ишинин жүрүшү, тагыраак айтканда, тигил же бул адамдардын комиссияга берген билдирүүлөрү тууралуу так маалымат жок. 

 

Ошондон улам Жогорку Кеңештин аппараты депутаттык комиссиянын ишинин жүрүшү тууралуу булак боло албайт жана айрым маалымат агенттиктеринин депутатттык комиссиянын иши жөнүндө маалымат таркатууда Жогорку Кеңештин аппаратына шилтеме жасап жатышын туура эмес деп эсептейбиз. 

 

Бардык жалпыга маалымдоо каражаттарын депутаттык комиссиянын ишинин жүрүшү тууралуу маалымат берүүдө анын баштапкы булактарына шилтеме жасоого, коомчулук арасында жаңылыш пикир жаратпоого жана депутаттык комиссиянын иликтөө ишинин жыйынтыгын күтүүгө чакырабыз",- деп билдирүү жасады парламенттин басма сөз кызматы. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: