super.kg logo

Атамбаевдин Нарында сүйлөгөн сөзү кантип монтаждалган?

 

Алмазбек Атамбаев "нарындыктар, койсуңар..." деди деп 2013-жылы интернетке тарап кеткен видео боюнча экспертиза жыйынтыгы чыгып, видео монтаждалганы аныкталды. Башкы прокуратура жыйынтыктар менен кошо материалдарды УКМКга өткөрүп берген. Эми бул мекеме укуктук баа бериши керек болот.

Аталган видео интернетке жүктөлгөндөн бери талкуу чордонунда болуп, бир аймакты президентке каршы коюу аракетинде кеңири пайдаланылып келди. Мамлекет башчы эл алдында мындай сөздөрдү айтышы мүмкүн экенине акыл-эси жайында адамдар ишенген жок. Бирок чебер жасалган монтаж элдин арасында президентке карата кыжырданууну жараткан да учурлар болду.

Видео боюнча Башкы прокуратура тарабынан бир катар экспертизалар дайындалган. Юстиция министрлигинин алдындагы Соттук экспертизалар борбору жана Илимдер академиясынын Философия жана саясий-укуктук изилдөөлөр институту видеонун монтаждалган варианты "элде терс пикирди пайда кылуу максатында даярдалган" деген чечимге келишкен. Сөздөрдү сүйлөмдөн алып салып, бурмалоо аймактык бөлүнүүчүлүккө, касташууга алып келери айтылган.

Мамлекет башчынын элди биримдикке чакырган кайрылуусу монтаждалып, өзгөрүп калган. “Мына, нарындыктар, малчысыңар. Мына кой сарай жыйырма жыл тазаланбаса, анан кыгын бир күндө тазаласа болобу? Билесиңер, таш болуп калат, тазаланбай... Кыргызстан да таштан бешбетер да...” деген сөзү монтаждан кийин “нарындыктар, койсыңар” болуп калган.






Видеонун түп нускасы: Президенттин Нарын жергесинде сүйлөгөн сөзү (12.06.2013)

Монтаждалган видео: "Нарындыктар койсуңар"

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(43)
09.02.2017. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-50
Атамбаевга асылбагыла! Президентибиз улуу урматуу.жакшы эле иштерди кылып жатат.шыйрактан артка тарткан кимдер жеп жутарлар кимдер.Атамбаевдин айланасындагы чоолор.чиновник депутаттар кунолуу.ушулар митедей элди алдап сызга отургузган ушулар.элди экиге болуп жарганда ушулар.
09.02.2017. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+33
Seiil.94,корунуктуу эмне иш кылды 5жылда айтып берчи
09.02.2017. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Seiil.94, мына ушул эле видео факт мен кыргызстанды ондоп берей деватамго дейт ондодубу озун чечим чыгар эмне иш кылды карыз алды бирок ошол акча кайда кетти жол салабыз дейт жол салганы автоунадан тушкон салык кайда айтсан суроо коп жооп жок жогорку кенеште президент катары корбогон депутаттар дагы бар чынында эч нерсени кыйратбады
09.02.2017. 19:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Seiil.94,Жоголчу ошол президентин менен сенда. Бир жерге барса эле ким жаман кыргыз жаман деп эле журоберет экен, ушул да президентби аа, кайсыл китепте жазылган Манас атабызга Ташкенке кач деп. Андан кору айтбайбы силер ХХХ эле ачыгын. Кайсы президент оз элин ушунтип мыскылдап ылдыйга тебет экен. Жок эле болуп кетсинчи тезирак эле.

Модератор admin_portal түзөттү 2017-02-10 09:31:05
09.02.2017. 19:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Seiil.94,Карызыбыз башыбыздан ашып ташып жатат, булардын алган карызынын дайыны жок!!! Эми ошол карызды ким толойт жанагы эле карапайым калктан алат окмот убак сааты келгенде ар бир адамдан акча алат коробуз ошол кунда келер. Кытайлардан да карызбыз кытайлар бир куну ушундай жерибизге аскери менен кирип келсин, Кыргызстан эч нерсе кыла албайт бизде курал деген жок жана болгон эмес дагы.
09.02.2017. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
эми суйлошту суйлоп монтаждалган деп атабы
asiankg түзөттү 2017-02-09 13:22:14
09.02.2017. 21:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
asiankg,
Макул муну монтаж Дейли
Аа таласстыктар Эл эмес деп Манас атабыз Каныкей энебизди Ташкентке кочуруп кеткен дегеничи по дагы монтажбы???
09.02.2017. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Башка кылаар иштери жок болуп калганбы .Андан башка чече турган иштер толтура го.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: