Нарын облусунун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды
Нарын облусунун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу бүгүн, 9-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, жер титирөө саат 12:33 чамасында болгон. Анын очогу Молдо-Тоо тоо кыркаларынан орун алып, Миң-Куш айылынан 8 чакырым түштүктө, Ак-Көл айылынан 18 чакырым түштүк-чыгышта, Кош-Булак айылынан 20 чакырым түндүк-чыгышта жайгашкан. Жер силкинүүнүн күчү калктуу пункттарда 2-2,5 баллга чейин сезилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.