Өлкөдө "Манас ааламы" аттуу сүрөт сынагы жарыяланды

Кыргызстанда “Манас ааламы” аттуу сынак жарыяланды. Анда катышуучулар сүрөт искусствосунун живопись, графика, скульптура жана декоративдик-колдонмо түрү боюнча таймашат. Иш-чараны республикалык “Манас” жаштар ордосу менен “Улуу Баян” коомдук фонду уюштурууда жана жеңүүчүлөр 7-май күнү белгилүү болот. Сынактын максаты - көркөм өнөр каражаттары аркылуу түбөлүктүү "Манас" дүйнөсүн даңазалоо, кыргыздын тарыхын, “Манас” эпосундагы баатырлардын, каармандардын өчпөс эрдиктерин чагылдыруу, ошондой эле Кыргызстандын сүрөтчүлөрүнүн чыгармачылыгына дем берүү жана колдоо болуп саналат. Сынакка катышуучу эмгектер Г.Айтиев атындагы Көркөм сүрөт музейинде кабыл алынат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.