super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 9-ФЕВРАЛЬ: "Тор" тасмасы аркылуу атактуулукка жеткен британиялык актёр Том Хиддлстон 36 жашка толду

 

Белгилүү британиялык актёр, "Алтын глобус" сыйлыгынын ээси Том Хиддлстон 36 жашка толду. Ал 1981-жылы 9-февралда Улуу Британиянын Лондон шаарындагы Вестминстер районунда жарык дүйнөгө келген. Мектеп жашынан актёрлук кесипке кызыгып, жарнамалык түрмөктөрдөгү актёрлорду туураган. Мектепти аяктаган соң театралдык ийримге барып, чоң сахнада спектаклдерде роль жараткан. 2001-жылы "Николас Никльбинин жашоосу жана жоруктары" деген тасмада эпизоддук роль аткарып, кинодогу дебютун жасаган. Анын 2007-жылы чыккан "Чоочун" аттуу тасмадагы ролу алгачкы маанилүү ролу болуп саналат. 2008-жылы "Жейн Остиндин сүйүүдөгү жол болбой калуулары" фильмине тартылып, бул тасма анын карьерасынын өсүшүнө түрткү болгон. 2011-жылы "Тор" тасмасындагы Локинин образын жаратып, калың элге таанылган.

Мындан тышкары актёр "Парижде түн ортосу", "Өч алуучулар", "Көңүлдөштөр гана аман калышат" тасмалары аркылуу миңдеген көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгүнө татыган.

Жеке жашоосу

Актёр учурда бойдок. Ал Жессика Честейн, Кэт Деннингс, Скарлетт Йохансон, Сюзанна Филдинг, Аманда Гроссман, Тейлор Свифт аттуу белгилүү айымдар менен сүйүү мамилесинде болгон деген маалыматтарды басылмалар жазып келишет.

9-февралга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: