super.kg logo

Учак кырсыгынан кийин Курулуш башкармалыгынын дачалары айылынын азыркы көрүнүшү (фоторепортаж)

 

"Манас" аэродромуна жакын жерде жайгашкан Курулуш башкармалыгынын дачалары айылындагы авиакырсыктан бери 24 күн өттү. Учак калдыктары тазаланып алынганы менен, кырсык болгон жер тунжурап турат. Анткени каргашалуу окуядан каза болгондордун жакындары жана кыргыз эли күйүттөн арыла элек.

Үстүбүздөгү жылдын 16-январында саат 07:30 чамасында "Манас" Эл аралык аэропортуна жакын жердеги Курулуш башкармалыгынын дачалары айылына Боинг 747 үлгүсүндөгү учак кулап, күйүп жатканы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы тарабынан кабарланган.

Кырсык чалган айылдын абалын көрүп, жашоочулар менен маектешүү үчүн аталган айылга сапар алдык. Жергиликтүү жашоочулар каргашалуу күндү эстеген сайын көздөрүнө жаш алып, кайгыргандарына күбө болдук. Айылдыктар күн сайын бир маал чогулуп, адам өмүрүн алып учак кулаган жерге келип куран окушарын айтышты.

"Оорунун кадырын соо билбейт" дегендей болуп, биздин жарабызды бийлик өкүлдөрү билбей жатышат. Учак өткөн сайын коркуу сезими менен жашайбыз, анткени жакын аралыктан өткөндүктөн үнү катуу угулуп, коркуп жатабыз. Күн-түн дебей ар бир жарым саатта учуп турат", - деп билдирди жергиликтүү жашоочу Айнура Абакирова.

Жарылуудан калган калдыктар тазаланганы менен, кырсык болгон жер ээнсиреп, ар кайсы жерде үйүлгөн кийим, төшөнчүлөр, сынган дарактар, ураган үйдүн пайдубалдары гана калган.

Окуя орун алып, учактын сыныктары жыйналгандан кийин өлкөнүн ар кайсы аймагынан адамдар келип, дин ишенимине жараша бири куран окуса, экинчиси кырсык болгон жерге гүл коюп кетишкен. Алардын катары азыр да суюла элек.

Жергиликтүү жашоочулардын айтымында, күнү-түнү адамдар келип, куран окуп, түрдүү жардам берип кеткендер да бар.

"Окуя болгондон кийин адистер келип, жаз алды менен күн жылып баштаса радиациялык басым күчөп, ден соолукка терс таасирин берет дешкен болчу. 15 күндөн кийин жаз келет, кооптонуп жатабыз. Элди башка жакка көчүрсө жакшы болмок. Урап, талкаланган жерди көргөн сайын кайрадан адамдарга жагымсыз таасир этип жатат", - дейт айыл тургуну Гүлбарчын Жумабекова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
09.02.2017. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жер эне баарын которот
09.02.2017. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Дачи-Су деп жазылабы, же Дача-Су деп жазылабы. Ар жерде ар кандай жазылып жатат да.
09.02.2017. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Курулуш башкармалыгынын дачалары. Дачи СУ. (Строительное управление).
09.02.2017. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаткан жери жайлуу болсун
09.02.2017. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Ошончо миллион сом топтолду ошол акчаларга ошол жерде жашаган адамдарды башка жака кочуруп коюнуздар бийлик ээлери соопко каласынар акыретти да бир ойлонуп коюнуздар эч ким эч качан бул дуйнодо туркук болуп калбасын баарыбыз жакшы билебиз
10.02.2017. 03:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаткан жерлери жайлуу болсу калгандарына сабыр берсин
12.02.2017. 19:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Радиация чыкканы жаман экен, ошол тууралу эксперттерден кенен маалымат бериниздерчи , кандай радиация и канчалык денгээлде зыян
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: