Улан Примов: "Айыл өкмөттөрүндөгү жыйынга келбеген депутаттардын жоопкерчилигин күчөтүү зарыл"
ЖКнын депутаты Улан Примов 9-февралда өткөн пленардык жыйында айыл өкмөттөрүндө кворум чогулбашы үчүн атайын жыйынга келбеген жергиликтүү кеңештин депутаттары тууралуу айтты. Маалыматты КСДП фракциясынан билдиришти.
"Айрым айыл аймактарында бири-бирине каршы болгон депутаттар атайын жыйындарга катышпай, жыйынтыгында кворум чогулбай калууда. Мындан улам жеке жоопкерчиликти күчөтүү максатында мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү керек", - деди эл өкүлү.
Мындан сырткары кворум чогулбай жыйындардын үзгүлтүккө учурашы жергиликтүү кеңештин ишин натыйжасыз кылып жатканын баса белгиледи.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
-1

