super.kg logo

Салянова: "Жашы жете электерге нике кыюуга тыюу салган мыйзам тууралуу түшүндүрүү иштери башталды"

 

Жашы жете электерге нике кыюуга тыюу салган мыйзам тууралуу түшүндүрүү иштери башталды. Бул тууралуу 9-февралда SUPER.KG порталына "Ата Мекен" фракциясынан депутат Аида Салянова билдирди.

Анын айтымында, февраль айынан баштап Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын (ПРООН) жардамы менен түшүндүрүү иштери башталды.

"Иш эки айга созулат. Анда алыскы айылдардагы молдолорго, ата-энелерге ушул мыйзам жөнүндө түшүндүрүлөт. Алар бул мыйзамда кандай жоопкерчиликтер бар экенин окушуп, таанышат. Канча адам мыйзам бузуп, канча адам жоопко тартылганы тууралуу азырынча маалымат жок. Бул мыйзамдын максаты жоопко тартуу эмес, түшүндүрүү иштери менен жашы жете электердин никесин кыюуну токтотуу болуп саналат", - деди эл өкүлү.

Мындан тышкары депутат көпчүлүк эл мыйзамды колдоп жатканын айтты. Ошол эле учурда каршы чыккандар да бар экенин билдирди.

Эске салсак, 2016-жылдын октябрь айында парламентте жашы жете электерге нике кыюуга тыюу салган мыйзам кабыл алынган. Анын автору - депутат Аида Салянова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
09.02.2017. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул мыйзам туура кабыл алынган мен колдойм.
09.02.2017. 16:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен ушу мыйзамды колдобойт элем, себеби жаштарга "ЗАГС тан отуп келбесенер Нике кыйбайм" деп молдокелер отказ берсе, анда жаштар "ЗАГС ды да, Никенди да урдум" деп, мындай эле зынаа жолу менен жашай беришет деген ойдмун!
09.02.2017. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Салянова эн туура айткан, кыргыздар, айланайындар генофондду сакташыбыз керек да. Эненин, баланын ден соолугун ойлош керек. Бир Эки жыл куто албайбы.
09.02.2017. 18:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оа загска созсуз катталышсын
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: