super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Цистит менен чоңдор эле эмес, кичинекейлер дагы оорушат"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Цистит" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Турмушка чыга элекмин, кызмын, цистит болуп жатам, катуу болбосо да ооруп жатат. Бул нерсе турмушка чыга элек кыздарда да болобу?"

"Ушу цистит кышта кыйнайт го. Таблеткасын алып ичесиң, бир апта жакшы жүрөсүң, анан кайра эле башталат".

"Табарсыгына суук өткөрүп алса, чоңдор эле эмес, кичинекей кыздар да оорушат".

"Цистит менен көп күрөштүм. Кызым 3 айлык болуп калганда төшөк жууп, таза болсун деп агып жаткан муздак сууга бутум менен тепселеп чайкагам. Анан эле дааратканага чуркадым, ошондон баштап цистит деген балээден арыла албай калдым. Экинчи төрөтүмдөн кийин да козголду. Канча дары ичтим, укол алдым, жардам бербеди. Өтө жаман оору экен, ошондо ден соолуктун кадырын билдим. Кыз-келиндер, жаңы турмушка чыкканда жана төрөп келгенде өзүңөрдү карагыла, муздак сууга колуңарды салбагыла".

"Дааратканага ар беш секунда сайын чуркатат, табарсык толуп калган сыяктанып. Барсаң тамчылап чыгат да, аябай ачыштырат, иши кылса заара кыла албай кыйналат экенсиң".

"Цистит болгон учурда суюктукту көп ичпей, туздуу тамак-аш жебеш керек. Жүгөрүнүн чачын кайнатып, муздатып, минералдык сууларды ичүү жакшы жардам берет. Табарсык тушка жылыткыч басып, заарада кан болсо ысык ваннада 25-30 мүнөт отурса да болот".

"Циститке кабылбоо үчүн, эң негизгиси, бутуңузду жана белиңизди жылуу кармаңыз".

"Дарыгерлер, тескерисинче, суюктукту көбүрөөк сунушташат го? Дааратканга баргысы келгенде, сөзсүз бошонуп туруу керек".

"Сода менен чайкасаң жардам берет экен. 1 литр сууга 1 чай кашык сода салып, күнүнө 3 жолу жуудум".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
09.02.2017. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
.a.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: