super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 10-ФЕВРАЛЬ: Акын, жазуучу Улан Токомбаев 76 жашка толду

 
Акын, жазуучу Улан Токомбаев 76 жашка толду. Ал 1941-жылы 10-февралда жарык дүйнөгө келген. 1967-жылы Москвадагы Бүткүл орусиялык мамлекеттик кинематография институтунун сценарий факультетин бүтүргөн. Эмгек жолун 1958-жылы "Кыргызавтомаш" заводунда иштөөдөн баштап, 1959-жылы приборлорду куруу ишканасына которулган.
1967-жылдан Кыргыз ССРинин Мамлекеттик телерадиокомитетинде улук киноредактор, 1968-жылы "Кыргызтелефильм" студиясында башкы редактор, 1973-1976-жылдары "Литературный Киргизстан" журналынын жооптуу катчысы, 1978-жылы "Кыргызтелефильмдин" башкы редакторунун орун басары жана студиянын режиссёру болгон.
У.Токомбаевдин биринчи повесттер жана аңгемелер жыйнагы "Самый счастливый человек" деген ат менен 1977-жылы басылып чыккан. Ырлары республиканын жана КМШнын башка республикаларынын мезгилдүү басма сөз басылмаларында үзбөй жарыяланып келген. "Коридор", "Моя Азия", "Раненое сердце", "Ата Журт", "Прерванный полёт", "Мекен", "Моя республика", "Наркомания и плач по будущему" жана башка фильмдерди тарткан. Ал бир катар толук метраждуу жана кыска метраждуу телефильмдердин, киноповесттердин сценарийлеринин автору.
1994-жылдын аяк ченинен баштап "Я против" деген автордук программасын алып барган жана "Энциклопедия кыргызского искусства" аттуу фундаменталдуу телекинодолбоорунун автору, жетекчиси, "От А до Я" аттуу интеллектуалдык телевизиондук программанын автору, "Кыргызтелефильм" студиясында директор, башкы редактор, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик телерадиокорпорациясынын коллегиясынын мүчөсү, 1969-жылдан Кинематографисттер союзунун, 1982-жылдан СССР Журналисттер союзунун мүчөсү, 1979-жылдан Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.
Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланып, "Кыргыз Республикасынын Маданиятка эмгек сиңирген ишмери" наамы берилген.

10-февралга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
10.02.2017. 09:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аалы Токомбаевдин баласыбы ошондо??
11.02.2017. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооба, алп жазуучубуздун баласы деп жазып коюуну унутушуптур
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: