Депутат өлкөнүн түштүк аймагында интернеттин ылдамдыгы начар экенин айтты

"Өлкөнүн түштүк аймагында интернеттин ылдамдыгы начар болууда", - деп билдирди бүгүн, 10-февралда "Кыргызстан" фракциясынын жыйынында депутат Айтмамат Назаров.
Депутат бул маселе боюнча Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиевге тапшырма берди.
Ал эми Б.Шаршембиев интернеттин ылдамдыгы ар бир оператордон көз каранды экенин айтты. Алар абоненттери каалаган ылдамдыкты коюп бере турганын билдирди.
Жогорку Кеңеште аталган фракциянын жыйынында Кыргыз Республикасынын бардык аймактарын сапаттуу санариптик теле, радио, ошондой эле сапаттуу байланыш жана интернет менен камсыз кылуу жаатындагы иштерди күчөтүү жөнүндө маселе каралып жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:16
2025-07-03

16:30
2025-07-03
15:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

Токтогулга караштyу Чон-Арык, Терек-Суу жакта
Анык айта алам бирда каналын очуро албайт.биздин чон карындуу депутаттар окмоту баш болуп!
Тиги депутат жакшы айтты,очуруу зарыл озбек ТВларын баарын. Болбосо балдардын баары .арт болуо кете турган болду.