super.kg logo

Үңкүр-Тоодогу радиостанция эч жакка көчүрүлбөсү айтылды

 

Аксы районунда Үңкүр-Тоодо жайгашкан радиостанция башка жакка көчүрүлбөйт. Бул тууралуу 10-февралда Жогорку Кеңеште "Кыргызстан" фракциясынын жыйынында Байланыш жана маалыматтык технологиялары комитетинин жетекчиси Бакыт Шаршембиев билдирди. Район аймагына башка станция курулуп жатканы айтылды, максаты - аймакта байланыш сигналдарын жакшыртуу. Шаршембиевдин билдиришинче, учурда Үңкүр-Тоодогу станция кадимкидей иштеп жатат.

Үңкүр-Тоого байланыштуу 2016-жылы бир катар жаңжалдар чыккан.

Эскерте кетсек, 2016-жылдын 22-августунда Өзбекстандын 7 милиция кызматкери тик учак менен Үңкүр-Тоого келип, 13-августта кармалган Өзбекстандын ИИМ кызматкерин бошотуу талабын коюшкан. Ала-Бука районундагы Орто-Токой суу сактагычынан Кыргыз мамлекетинин милиция постун алып салууну да талап кылышкан. Алардын талабына ылайык, Кыргыз тарап Өзбекстандын ИИМ кызматкерин бошоткон. Бул арада Үңкүр-Тоодогу станциянын 4 кызматкери өзбекстандык милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, Өзбекстанга киргизилген. Алар 8-сентябрда гана Кыргыз тарапка өткөрүлүп берилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(4)
10.02.2017. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туура кылышат. Жайында калышы керек.
10.02.2017. 20:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чек араны жакшы жака чече албайт азыркы бийликтегилер чечсе ушул убака чейин чечмек кийинки президентке чейин эсен аман туруп турсун мадумаров ташиев келдибеков ошолор келсин чечет
11.02.2017. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уй салганда да биринчи айланасын тосуп тактап алат а мамлекетте чек арасын 25 жылдан бери баткен ош жалал абад чек араларын тактап чеп куруп салышынар керекле силерчи бийлик талашып чек араны ташап койдунар озу тотилитардык режим сыяктуу репрециялап салуу керек.. Колунардан келбесе россия менен кантракт тузгуло элди кошуна олколорго эздирюей
11.02.2017. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ункур тоону да сатып жибергенсинер эми 5 же 10 жылда кайра козголот
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: