15 айга теннистен четтетилген орус теннисчиси Мария Шарапова апрелде спортко кайтат

Орусиялык теннисчи, кезинде дүйнөнүн биринчи ракеткасы Мария Шарапова мельдоний колдонгону үчүн 15 айга спорттон четтетилгенден бери ушул жылдын апрель айында алгачкы ирет мелдешке катышат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Эске салсак, 2016-жылдын 1-мартында Мария Шарапова маалымат жыйын өткөрүп, организминен тыюу салынган каражат – мельдоний табылганын билдирген. Жыйынтыгында орус теннисчиси 15 айга спорттон четтетилген.
Мария Шарапова 2017-жылы 26-апрелде Германиянын Штутгарт шаарында өтө турган мелдешке катышат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.