super.kg logo

Чаткал районунда жергиликтүү тургундар миң гектарга жакын жердин алтын казган ишканага берилишине каршы чыгышууда

 

Чаткал районунда жергиликтүү тургундар миң гектарга жакын жердин алтын казган ишканага берилишине каршы чыгышууда. Бул тууралуу бүгүн, 10-февралда SUPER.KG порталына жергиликтүү тургундардын бири билдирди.

Анын айтымына караганда, Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагындагы Түлөберди, Чаар-Таш сайларында 20 тоннага жакын алтын кени бар. Ал жерди Кытай жаранына таандык компанияга берүү аракети көрүлүүдө.

"Аукционго коюлуп жаткан жердин аянты болжол менен 998 гектар. Жергиликтүү жашоочулар бул нерсеге каршы. Анткени сайдын башынан агып келген суу менен 400-500 гектарга чукул жер сугарылат. Эгер кен иштетилсе, суунун нугу бурулуп кетеби деген кооптонуу болууда. Жайында аталган сай жайыт катары да колдонулат. Ошондой эле айыл менен кен казган жердин ортосу болжол менен 20 чакырымды түзөт. Уулуу заттар элдин ден соолугуна зыян алып келбейт деп ким кепилдик бере алат?" - дейт жергиликтүү тургун.

Ошондой эле тургун жер боюнча экинчи аукцион 2-мартта өтөрүн, аны Кытай жаранына таандык "Асман-Тоң тоо аймагы" ишканасы сатып алууну көздөп жатканын кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(7)
10.02.2017. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Тойгоздуго ушул жепжутаттар.
10.02.2017. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Чаткалдын дагы таза абасы
таза суусу булгана турган
болду.Кытайлар цианитсиз
иштеп жатканына ким кепилдик
бере алат.Акчасына кызыкпай
Чаткалдын келечегин ойлош
керек!!
10.02.2017. 19:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чаткал эн соонун жер коп жери берилип кетти алтын казгандарга тоого баратсан алтын казыгандарды коросун ушул кетиште дагы 10 жылда кыргызстандын корктуу жери калбайт мал жайытда жок болот колдон келишинче каздырбашка аракет кылыш керек митинг кылып болсода бийликтегилерге баарыбир ажообуз бекеринен барбайтда кытайга бакиев акаевден ашып тушту чынында карызды кобойтту
10.02.2017. 20:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тоолорубузду талкалап бутуп анан эмне кылар экенбиз андан башка коп жерибиз сатылды бул жерда сатылат бул жагынан болбосо башка жагынан бир жолун табат сатканга жараша козго корунорлук иш кылбай жатат ортодо адамдар гана кунун коруп атат кичине акчага алданып уктай бергиле чаткал элим качан талкаланганда жок калганда ойгоносунар
10.02.2017. 21:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Балапандай чачылбай муштум болуп бир тийейли туугандар кунумдук акча ойлоп келечек урпактарга цианит откоруп берип калбайлы
11.02.2017. 00:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тойбойт экенсинер
11.02.2017. 01:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ушундай кооз жерлер алтындан мин эсе кымбат болсо керек андан коро туристер келе турган жерлерди кобойтсо казынага акча тушуп турат эле. бул алтын кендер 1-2 адамдын гана кызыкчылыгы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: