super.kg logo

Курулуш башкармалыгынын дачалары айылынын тургундары ИИМ суракка чакырып аларды убара кылып жатканына нааразы

 
Дачи СУ айылынын жашоочусу Мария Атабаева

Ички иштер министрлиги учак кырсыгы катталган айылдын тургундарын суракка чакырып убара кылып жатышканын бүгүн, 10-февралда SUPER.KG порталына Курулуш башкармалыгынын дачалары айылынын тургуну Гүлбарчын Жумабаева билдирди.

"Жолдошум жаңы эле ооруканадан чыгып келсе, милиция кызматкерлери чакырып, канчалык деңгээлде жабыркаганыбызды сурап жатат. Анда да кеңсенин алдында 2 саат бою күттүрүп анан кабыл алышты. Тергөө иштери керек болсо айылга келип, элди аралап сураса болбойбу? Ансыз да кыйналып жаткан элди түйшүккө салбай. Биздин үйдө жолдошум да, мен да иштебеймин. Киреше булагыбыз жок. Тамак-ашка акча таппай жатканда жол кире төлөп милицияга барганга шартыбыз жок болуп жатат", - деп нааразычылыгын билдирди Жумабекова.

Милициянын тергөө иштерине чакырып жатканын Курулуш башкармалыгынын дачалары айылынын жашоочусу 64 жаштагы Мария Атабаева да билдирген. Ал өз сөзүндө: "Менин 4 неберем бар. Аларды жалгыз караймын. Неберелеримди таштап кете албайм, анткени алар жаш. Улуусу майып. Ошондуктан мени тергөөнүн сурагына чакырбай деле койсо болот эле", - деген ал.

Маалыматты тактоо максатында ИИМдин басма сөз кызматына байланыштык.

"Учактын кулашы боюнча кылмыш иши козголгон. Бул ишти учурда министрликтин Башкы тергөө башкармалыгы аткарып жатат. Кырсык болгон жердеги жергиликтүү эл окуянын күбөсү катары эсептелет. Мында тиешелүү кызматтар ишти объективдүү кароо максатында тургундарды суракка чакырып жатат. Ошол эле учурда абалы оор, мүмкүнчүлүгү жокторду чакырган жокпуз. Жарандар иштин жеңил жүрүшүнө көмөк көрсөтүшсө жакшы болмок", - деп билдирди басма сөз кызматы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
10.02.2017. 21:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Эмнеге чакырат тергоого аларды, самолётту ошолор кулаткансып. Соз жок!!! Эмнени ойлоп атасынар?
10.02.2017. 21:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Адамдардын кайгысынын артынан акча коздогондор куруп калгыла!!!
11.02.2017. 04:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жабыр тарткан тарапты кайсыл мыйзамдын негизинде тергоого чакырып жатышат?Же мен жаны мыйзам чыкканын байкабай калганмынбы?
11.02.2017. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аны муну койуп эртерек чогулган акчаны жабыркагандарга болуп бербейби кыштын куну болсо ал Эми Мариям апанын небересене акча болсо каршыда эмес элек дарылатып алганга
11.02.2017. 23:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
momun74,
Эртерээк таратпайбы дейсиз, 22-январда биз тулоого барганда эле мечитте таратылып жатат деген, Гульбарчын женем кочосунун тургундарынын тизмесин алып барса ызы-чуу дейт, биринин созун бири укпай эле ажылдашкандар, тээ алыс жакта жайгашкан уйлор деле талап-ташып алып жатышыптыр деп кетип калыптыр. Келген жардамдардын башы адилетсиз эле таратылып кеткен. Азыркысын билбейм...
12.02.2017. 20:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тообо кылдым булардын кылмыш иши козголду деп койгону эле барда,башкасын корсотпойт эми 2010жылы деле снайпердин бироосун кармадык,эл алдында жоопко тартабыз деп басты болуп кетти.Эми ал кылмыш иш козголову жокпу элдин 77миллион жана турктор берген 38миллион долларды жакшынакай кылып болуп берип койсо экен,оздору жебестен бул жерде канчалаган адамдар курман болуп кетти.Ал эми акчанын сомго которулган айырмасы 2 622 000000 болот экен миллиардаган акча болот экен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: