ЖЫЛНААМА, 11-ФЕВРАЛЬ: 170 жыл мурун айтылуу америкалык окумуштуу, ишкер Томас Эдисон төрөлгөн
Мындан 170 жыл мурун, 1847-жылы 11-февралда америкалык окумуштуу, ишкер Томас Эдисон АКШнын Огайо штатында туулган. Ал АКШда 1093 ачылышы үчүн патент алган. Улуу Британия, Франция жана Германия сыяктуу башка өлкөлөрдө да ар кыл ачылыштары үчүн 3 миңдей патент каттаткан. Анын ойлоп тапкыч аракеттеринин натыйжасында телеграф, телефон жана кино жабдуулары жакшыртылган. Электр шамдарынын эң алгачкы ийгиликтүү үлгүлөрүнүн бирин сунуштаган. Ошондой эле Нью-Йоркто электр кубатын өндүрүүчү алгачкы ишкананы негиздеген.
Электр кубатына негизделген туңгуч темир жол унаасын – электр арабасын ойлоп тапкан, электроника тармагын негиздеген, үн жазгыч аспап – фонографты ойлоп тапкан. Эдисондун сунушу менен телефон аркылуу сүйлөшүү алдында “алло” деп айтуу салты киргизилген. Томас Эдисон 1931-жылы 18-октябрда АКШнын Нью-Жерси штатында дүйнөдөн кайткан.
11-февралга карата жылнаама.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Ali-91

11.02.2017. 20:10
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азамат адам экен.Бул ачкан нерселерге менин акылым жетбейт экен,21-кылымда жашасам дагы...
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.