super.kg logo

"Боинг кырсыгынан келтирилген чыгымдарды калыбына келтирүү боюнча Түркия тарап менен сүйлөшүүлөр уланууда" дейт Абылгазиев

 

Мухаммедкалый Абылгазиев 11-февралда Боинг 747 авиакырсыгынын себептерин иликтөө боюнча өкмөттүк комиссиянын кезектеги жыйынын өткөрдү.

Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри белгилегендей, авиакырсыктын кесепетинен келтирилген чыгымдарды калыбына келтирүү боюнча түрк тарап менен сүйлөшүүлөр уланууда.

Бүгүнкү күндө жабыркаган 12 үй-бүлө Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагына бардык шарты бар убактылуу жашоочу батирлерге көчүрүлдү. ӨКМнын жабырлануучуларга жардам берүүчү атайын эсебине 82 миллион 920 233 сом которулду. Аталган эсеп жарандардан акчалай каражат түшүп жаткандыгына байланыштуу ачык турат.

Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөт авиакырсык боюнча ӨКМнын эсебине түшкөн каражатты максаттуу пайдаланууну жеке көзөмөлүнө аларын баса белгиледи.

Мындан сырткары Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында, бүгүнкү күндө кырсыктан жабыркаган 11 жаран стационардык дарыланууда: Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна 1 адам, Кыргыз илим изилдөө жана ден соолукту калыбына келтирүү борборуна 7 адам, №2-Шаардык төрөт үйүнө 1 адам, Республикалык психикалык ден соолук борборуна 2 адам жаткырылды. Дарылангандардын бардыгынын абалы канааттандырарлык, керектүү медициналык жардамдар убагында берилүүдө.

Биринчи вице-премьер-министр жабыркагандарды акыйкаттуу, дүйнөлүк практикада кабыл алынгандай нормалар менен компенсация төлөп берүү эң негизги милдет экенин билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
12.02.2017. 12:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Улансын
12.02.2017. 20:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Дарыланып жатышкан 11 адам жок бул эски маалымат биз кечээ баарын кыдырып акчалай жардам бердик. Болгону Кыргыз илим изилдоо дана ден соолукту чындоо борборунда 6 адам жатат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: