super.kg logo

"Супер сулуу" Бактыгүл Орозбаева менен "тамашоучу" Калыбек Турдубаев Бали аралынан кайтып келишти

 
Индонезиядан алынып келинген белектер
Бактыгүл Орозбаеванын ата-энеси

Бүгүн, 12-февралда "Супер сулуу" Бактыгүл Орозбаева менен "тамашоучу" Калыбек Турдубаев Бали аралынан кайтып келишти. Бир жума бою жылуу өлкөдө эс алып, жагымдуу сезимдерге чулганган эс алуучулар SUPER.KG порталына ой бөлүштү.

"Абдан жакшы эс алып кайттык. Индонезия өлкөсү мага аябай жакты. Ал жакта күнгө кактанып түрдүү кызыктарга күбө болуп келдик. Эң негизгиси бул өлкөнүн эли аябай меймандос, маданияттуу эл экен. Кооз жерлерди көрүп, сууга чөмүлүп ырахат алдык. Бизге ушундай шарт түзүп берген "Супер-Инфо" гезити менен SUPER.KG порталынын жамаатына терең ыраазычылык билдирем", - деди Калыбек Турдубаев.

Жолдомонун ээлери Индонезиянын Бали аралына жетүү үчүн 18 саат жол жүрүшкөнүн айтышты. Кызын тосуп алуу үчүн атайын Баткен облусунан келген Бактыгүл Орозбаеванын ата-энеси да сүйүнүп турушту.

"Балинин маймылдар байырлаган сейил багына барып, экзотикалык жандыктар менен тааныштык. Мындай көрүнүшкө күбө болуу менен жаратылыш бизге ырахат тартуулады. Океандын жээгинде жүрүп күнгө күйүп калдык. Калкынын маданияты абдан жогору экен. Бизге сый көрсөтүп жатышты. Көчөдө жүрсөк тааныш эмес адамдар эле саламдашып, жылмайып баш ийкешип, меймандостугун көргөзүштү. Жергиликтүү элдин тилине түшүнбөй бир аз кыйналганыбыз болбосо мунун да айласын таап кол менен жаңсоо менен түшүндүрүп жаттык. Жакындарыма Балинин чайын, кофесин жана башка кооз буюмдарын алып келдим", - деген Бактыгүл Орозбаева кубанычын жашырган жок.

"Супер сулуу" Бактыгүл Орозбаева менен "тамашоучу" Калыбек Турдубаевдин Бали аралына болгон сапарындагы кызыктарды "Супер-Инфо" гезитинин жаңы санынан кеңири окуй аласыздар.






Балиге кеткендер кайтып келишти

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(40)
13.02.2017. 00:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+28
Наконец-то келишиптир.......
кийинки "бал айына" кайсы бактылуу "жупту" жупташтырып жибересинер?)))
13.02.2017. 00:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+35
Тиги кепкасын чечип койсо болбойт бекен?
Кимге кандай бирок сулуу деле эмес го. Же бул макияжсыз тартылганыбы?.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: