super.kg logo

ӨКМ: "Жалал-Абад облусунда жер көчкү түшүү коркунучу бар 400дөй аймак катталды"

 

Жер көчкү түшүү коркунучу Ош, Жалал-Абад облустарында басымдуулук кылат. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, кооптуу делген аймактарды атайын адистер изилдеп чыгышкан. Бүгүнкү күндө Ош облусунда 1800дөн ашык турак жай ээлерине башка аймактарга көчүп кетүү эскертилген.

"Өлкө аймагында ӨКМнын Мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин адистери атайын иликтөө жүргүзүшкөн. Жыйынтыгында Чүй облусунда 50, Ош облусунда 350, ал эми Жалал-Абадда 400дөй кооптуу аймак катталган. Иш-чаранын жүрүшүндө Жалал-Абад облусунда 2 миңден ашуун турак жайдын ээлерине коопсуз жайга көчүү сунушталган. Жер көчкү коркунучу Баткен, Нарын, Ысык-Көл облустарында да аныкталган", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: