super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 13-ФЕВРАЛЬ: Белгилүү режиссёр, жазуучу жана коомдук ишмер Дооронбек Садырбаев көзү тирүү болгондо 78 жашка толмок

 

Чыгаан кинорежиссёр, жазуучу жана коомдук ишмер Дооронбек Садырбаевдин бүгүн туулган күнү, анын көзү тирүү болгондо 77 жашка толмок. Ал 1939-жылы 13-февралда Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Апыртан айылында туулган. 7-классты бүткөндөн кийин райондун борборундагы №1-орто мектебине кирип, аны 1957-жылы аяктаган. Кийин Бишкектеги медициналык институтка тапшырган.

Студент кезинде режиссёрдук жана кино өнөрүнө кызыгып, 4-курсунда мединститутту таштап, "Кыргызтелефильмге" жумушка орношкон. Муратбек Рыскулов, Жамал Сейдакматова, Бакен Кыдыкеева сыяктуу устаттар менен чогуу көптөгөн көркөм тасмаларды кыргызчага которууга катышкан. Дубляжда Вячеслав Тихонов, Кирилл Лавров сыяктуу орусиялык белгилүү актёрлордун үндөрүнүн котормосун Дооронбек Садырбаев окуган. 1969-жылы Ленинград шаарындагы Театр, музыка жана кинематография институтун бүтүрүп келген. "Топчу", "Арман", "Кайран эл", "Акбаранын көз жашы" жана башка бир нече көркөм фильмдерди тарткан. Ал режиссёрдук кылган даңазалуу "Махабат дастаны" тасмасы 1983-жылы тартылган жана кыргыз көрөрмандарынын жылуу баасына арзыган. Бул тасма жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Кылым карытар бир күн" романындагы бир окуяга негизделип тартылган. Ал өз замандаштары Төлөмүш Океев жана Болот Шамшиевдин кыргыз кино өнөрүндөгү улуу көчүн андан ары уланткандардын бири болгон. Режиссёр "Токтогул сүйгөн Алымкан" фильминде Токтогулдун жаш кезин ойногон.

Анын айрым юмордук аңгемелери 30дан ашуун тилге которулган. Кыргыз акыны Алыкул Осмонов тууралуу кинороманы Москвада орус тилинде чыккан. 1916-жылкы кыргыз көтөрүлүшү жана 1990-жылкы Оштогу улуттар аралык кагылышуу тууралуу эскерүүлөр камтылган даректүү тасма даярдаган.
1992-1993-жылдары Чеченстанда, Иракта, Грузияда болгон. Жохар Дудаев, Гамсахурдия сыяктуу саясатчылар менен маек куруп, кийинчерээк алар тууралуу макалаларын кыргыз тилинде жарыялаган. Түркияда да "Ихлас фильм продакшн" кино студиясында иштеп, үйрөнчүктөргө кино өнөрү боюнча сабак берген учурлары болгон. Кийинчерээк эл-жерине кайтып келип, 1994-жылдан 1995-жылга караган кышта оппозициячыл саясатчы катары шайлоого катышып, жеңишке жетишкен. Ошондон тартып көзү өткөнчө ал Жогорку Кеңештин депутаты (1995-2008) болгон.
2008-жылы 28-майда Дооронбек Садырбаев 69 жашында оорунун айынан каза тапкан. Ал Кыргыз Республикасынын Эл артисти, "Манас" орденинин ээси. Ошондой эле 2010-жылы ага Кыргыз Эл Баатыры наамы ыйгарылган жана ысымы Бишкектин мурдагы Бах көчөсүнө берилген.

13-февралга карата жылнаама






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
14.02.2017. 09:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин алтындай болгон Тайакем. Жаткан жериниз жайлуу болсун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: