Өткөн суткада өлкөдө 11 өрт кырсыгы катталып, Жалал-Абад облусундагы өрттөн үй ээси каза болду
Өткөн суткада өлкөдө 11 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 13-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 3, Чүй облусунда 2, Талас облусунда 2, Ош облусунда 2, Нарын облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 1 өрт кырсыгы катталды.
"Кечээ, 12-февралда саат 17:35 чамасында Жалал-Абад облусундагы Көк-Жаңгак шаарынын турак үйлөрүнүн биринен өрт чыкты. Натыйжада үй ээси 59 жаштагы М.В. аттуу жарандын жансыз денеси табылган. Өрт электр шаймандарын колдонууда өрткө каршы эреженин сакталбаганынан улам чыккан", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:23
2025-07-14

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.