Социалдык камсыздоо департаменти: "4 небересин жалгыз багып жаткан Мария Атабаевага азык-түлүктөн жардам бере албайбыз"
Курулуш башкармалыгынын дачалары айылында 4 небересин жалгыз багып жаткан пенсия жашындагы Мария Атабаевага Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин алдындагы Социалдык камсыздоо департаменти жардам бере албайт. Бул тууралуу бүгүн, 13-февралда мекеменин жетектөөчү адиси Жаныгүл Мелисбек кызы билдирди.
Эске салсак, буга чейин Атабаева жашоо шарты татаал экендигин, балдардын апасы таштап кеткендигин SUPER.KG порталына билдирген.
"Биздин департамент мыйзам негизинде иш алып барабыз. Эгерде 4 баланын апасынын паспортунун мөөнөтү бүтүп калса жардам бере албайбыз. Бирок ага карабай Сокулук райондук социалдык коргоо бөлүмүнө тиешелүү жардам берүүнү сунуштай алабыз. Мындан сырткары кырсыктан жабыркагандар боюнча иштеп жаткан комиссияга бул үй-бүлөнү сунуштайбыз", - дейт Жаныгүл Мелисбек кызы.
Маалыматка ылайык, короо сарайы талкаланган Атабаеванын үй-бүлөсүнө 20 миң сомдон ашык акчалай жардам берилиши мүмкүн.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















Короо жайы талкаланса 20мин алабы?
Кайра калыбына келтирип бергиле элдин акчасынан!
Ээй Мелисбек кызы кайсы мыйзамды айтып жатасын адамдын ичин откоруп?!