super.kg logo
  Саясат  

Өмүрбек Текебаев: "Шайлоо таза өтүш үчүн Атамбаевдин мураскери болбош керек"

 

Бүгүн, 13-февралда Бишкекте келерки президенттик шайлоого арналган форум өтүп жатат.

"Иш-чаранын жүрүшүндө депутат Өмүрбек Текебаев ("Ата Мекен"): айлоо таза өтүш үчүн президент Алмазбек Атамбаев мураскер калтырбаш керек. Эгер мураскер болсо, бүгүнкү бийликтин бардык бутактары ошого иштейт, административдик ресурс колдонулат", - деди.

Мындан тышкары депутат шайлоодон кийин президенттин айланасындагылары да бийликтен биротоло кетиши керектигин баса белгиледи. "Акаев менен иштегендер ал кеткенден кийин Бакиев менен иштешип калышкан. Бакиев кеткенде алар Атамбаев менен иштешүүдө. Атамбаев кеткенден кийин алар кайра бийликте калышы мүмкүн. Ошондуктан Атамбаев командасы менен бийликтен биротоло кетиши керек. Ошондой эле биз Атамбаевдин кийинки президенттик шайлоого катышуусуна жол бербешибиз зарыл, анткени ал партиясына сөзсүз жан тартып турат", - деп кошумчалады Текебаев.

Айта кетсек, иш-чарада саясатчылар Феликс Кулов, Равшан Жээнбеков, Жылдыз Жолдошева, Эмилбек Каптагаев, Исмаил Исаков, Турсунбай Бакир уулу, активисттер Мавлян Аскарбеков, Адил Турдукулов жана башка коомдук ишмерлер катышууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: