super.kg logo

ВВС басылмасынын Кыргыз элинин чыгаан аялзаты, жанданып келе жаткан салты тууралуу видеосу жарыяланды

 

ВВС басылмасынын Кыргыз элинин чыгаан аялзаты тууралуу видеосу жарыяланды. Ал 2016-жылы II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жүрүп жаткан кезде Каркыра жайлоосунда тартылган. Видеодо Кыргыз өлкөсүндө кайрадан жанданып жаткан көчмөн элинин салттары тууралуу айтылат. Өзгөчө басым учурда спортто ийгиликке жетишкен аялзатына, манасчы Ширин Сарыгулованын өнөрүнө жасалган. Эскерте кетсек, Ширин Сарыгулова ВВС басылмасынын жыйынтыгы боюнча дүйнөдөгү эң таасирдүү жана шыктандыруучу 100 аялдын катарына кирген.

Бел кур боюнча чебер Нагира Сарбашева да негизги каармандардын бири катары көрсөтүлгөн.

"Спортчулар менен жургөндө спорт тууралуу сүйлөшөбүз, ал жактан башка адаммын. Үйгө келгенде кадимкидей жоолук салынып, аялдык милдеттеримди аткарам. Эки жакты тең бирдей алып жүрөм", - деген Нагира Сарбашева.

Мындан тышкары, "Манас" эпосундагы Кыз Сайкал тууралуу үзүндүлөр айтылып, жаа атуучу Асел Садырова жааны кармаганда кандай сезимдер келерин баяндаган:

"Жааны кармаганда өзүңдү күчтүү, эрктүү сезип каласың. Өзүңдүн мээлегениңе жеткенге аракет кыласың. Мурун мен аялмын, энемин десем, жолдошум кайтыш болгондо, эркектин да көйгөйүн көтөрүп, жаа кармап өзүмдү баатыр сезип, маселелерди өзүм чечип калдым".






Дүйнөдөгү эң таасирдүү 100 аялдын катарына кирген Ширин Сарыгулова тууралуу

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: