super.kg logo
  Саясат  

Камчыбек Ташиев форумдун катышуучуларына: "Атамбаев Текебаевди же Мадумаровду мураскер кылып сунуштаса, эмне кыласыңар?"

 

Бүгүн, 13-февралда Бишкекте келерки президенттик шайлоого арналган саясий форум өтүп жатат. Анда парламенттин депутаттары, коомдук ишмерлер, саясатчылар, активисттер катышууда.

Уюштуруучулардын айтымында, форумга президенттикке талапкерлер Темир Сариев менен Бакыт Төрөбаев чакырылган, бирок алар келген жок. Буга саясатчы Камчыбек Ташиев нааразычылыгын билдирди.

"Бир нече саясатчы президенттик шайлоого катышарын жарыялашты. Бирок алар бүгүнкү форумга келбей коюшту. Бири да жок. Аларга таза шайлоонун кереги жок. Аларга шайлоонун өтүшү керек", - деп нааразы болду Ташиев.

"Ар бир шайлоонун алдында "шайлоо таза өтсүн" деп бүгүнкүдөй форумдар өтүп, мен бардыгына катышып турам. Бирок баары бир шайлоолор туура өтпөй жатат. Бүгүнкү форумда 2011-жылкы президенттик шайлоого катышкандар отурат. Алардын бири менмин. Ал шайлоодо жүз миңдеген шайлоочулар добуш бере албай калышкан. Ошол шайлоо туура эмес өттү деп эч ким айткан жок, биз эле айтып чыктык. Ошондуктан бүгүнкү форумда айтылган сөздөр сөз бойдон калбай, ишке ашырыш керек", - деп кайрылды катышуучуларга Ташиев.

Мындан тышкары ал президент Алмазбек Атамбаевдин мураскери боюнча пикир айтууда этият болууга чакырды. "Эгер Атамбаев Текебаевди же Мадумаровду өзүнүн мураскери кылып сунуштаса, эмне кыласыңар? Ошондуктан Атамбаев мураскер калтырбаш керек деген маселе боюнча тактап алсак", - деп кошумчалады саясатчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: