super.kg logo
  Саясат  

Премьердин жана вице-премьерлердин жардамчыларын сынаксыз ишке алуу тартиби бекитилди

 

Өкмөттүк аппараттын айрым административдик кызмат орундарына өзгөчө (сынактан тышкары) тартипте кирүү эрежеси бекитилди. Тийиштүү токтомго премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

Премьер-министр өзгөчө (сынактан тышкары) тартипте төмөнкү административдик кызмат орундарына дайындайт:

  • Өкмөттүн аппарат жетекчисинин орун басарларын (өкмөттүк аппараттын жетекчисинин сунушу боюнча).
  • Премьер-министрдин кеңешчилерин жана жардамчыларын, ошондой эле вице-премьер-министрлердин кеңешчилерин жана жардамчыларын (тийиштүү вице-премьер-министрлер менен макулдашуу боюнча).
  • Өкмөттүк аппараттын бөлүм башчыларын, бөлүм башчыларынын орун басарларын, сектор башчыларын (өкмөттүк аппараттын жетекчисинин сунушу жана тийиштүү вице-премьер-министри менен макулдашуу боюнча).
  • Тиешелүү мамлекеттик органдардагы жана эл аралык уюмдардагы Кыргыз өкмөтүнүн өкүлдөрүн (өкмөттүк аппараттын жетекчисинин сунушу боюнча).

Өкмөттүн аппарат жетекчиси өзгөчө (сынактан тышкары) тартипте төмөнкү административдик кызмат орундарына дайындайт:

  • Өкмөттүк аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн инспекторлорун, эксперттерин (тиешелүү түзүмдүк бөлүмдүн башчысынын сунушу менен).
  • Өкмөттүк аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн референттерин (тиешелүү түзүмдүк бөлүмдүн башчысынын сунушу менен).
  • Өкмөттүк аппараттын жетекчисинин жардамчыларын, кеңешчилерин.

Өкмөттүк аппараттын кызматкерлерин ротациялоонун тартиби мындай:

  • Өкмөттүк аппараттын мамлекеттик жарандык кызматкерлерин ротациялоо өкмөттүк аппараттын жетекчисинин катынын негизинде жүргүзүлөт.
  • Кызматкерлерди ротациялоо өкмөттүн 2016-жылдын 29-декабрындагы №706 “Мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты уюштуруу маселелери жөнүндө” токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматкерлерин жана муниципалдык кызматкерлерин ротациялоо тартиби жөнүндө жобого ылайык жүргүзүлөт.
  • Кызматкерлерди ротациялоонун планын жана схемасын өкмөттүк аппараттын Мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмү даярдайт.

Мамлекеттик кадр кызматынын билдиришинче, мурда президенттик жана өкмөттүк аппараттын кызмат орундары саясий кызмат деп эсептелсе, 2016-жылдын 30-майындагы кол коюлган жаңы мыйзамга ылайык, административдик кызмат деп аталды. Эски мыйзамда да, жаңы мыйзамда да кызмат орундарына сынаксыз дайындоо нормасы каралганын билдиришти мекемеден.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: