super.kg logo

Милянфанда өспүрүмдөрдүн ата-энелери милиция кызматкерлерине кол салышты

 

Ысык-Ата районунун аймагында 8-9-февралдарда райондук ички иштер бөлүмүнүн жашы жете электердин иштери боюнча инспекторлору тарабынан "Лидер" аталышындагы рейддик иштер жүргүзүлгөн. Рейддин максаты түн ортосунда ата-энесинин көзөмөлү жок коомдук жайларда, ошондой эле интернет клубдарда, оюн залдарында жүргөн жашы жете электерди аныктоо жана кылмыштарды алдын алуу.

Маалыматка ылайык, рейдге Кант шаарынын мэриясынын кызматкерлери да катышышкан. 9-февралда болжол менен саат 22:45те Милянфан айыл өкмөтүндө инспекторлор көчөдө жүргөн 14-15 жаштардагы балдарды жана кыздарды байкап калышкан.

"Алар үйүнө шашылышкан эмес. Түн ортосунда эмне себептен чоңдор жок көчөдө жүрүшкөнүн сурашканда, жаңы эле кафеден чыгышканын айтышкан. Алардын өздүгүн аныктап, тиешелүү документтерди толтуруу үчүн милициянын бөлүмүнө алып баруу керек болгон. Бирок эки кызматкер жана өспүрүмдөр кетип бараткан Тойота унаасынын алдын Мерседес-Бенц бусу тоскон. Андан кийин аркасынан Мерседес 500 үлгүсүндөгү унаа сүзүп, Тойотанын бампери түшүп калган. Унаалардан өспүрүмдөрдүн 15-20дай ата-энелери чыгып, инспекторлорго кол салышкан", - деп билдиришкен Ички иштер министрлиги.

Милиция кызматкерлери алдын алуу иш-чараларын өткөрүп жатышканын түшүндүрүүгө аракет кылышканы менен, аларды эч ким укпаганы кошумчаланат маалыматта.

"Алардын бири келип милиция кызматкерин бет жакка чапкан. Милиция кызматкери медициналык жайга кайрылууга мажбур болгон. Чогулгандарды РИИБден келген кызматкерлер тынчтандырышкан. Мэриянын Балдарды жана үй-бүлөлөрдү коргоо органдарынын өкүлдөрү тарабынан жеринде ата-энелерге 65-беренеге (Жашы жете элек баланы (өспүрүмдү) тарбиялоо жана окутуу боюнча милдеттерди аткарбагандыгы үчүн) ылайык, протколдор түзүлдү. Мындан тышкары патрулдук милиция тарабынан жол кырсыгы каттоого алынды", - деп жазылат министрликтин маалыматында.

Учурда тергөө иштери жүрүп, тиешелүү экспертизалар дайындалып, Мерседес 500 айып жайга токтотулган.






Өспүрүмдөрдүн ата-энелери милиция кызматкерлерине кол салышты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
13.02.2017. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
dungandardy ХХХ
Модератор admin_portal түзөттү 2017-02-13 15:43:04
13.02.2017. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Seryi-Kardinal, такталбаган маалыматты жазып, кимдир-бирөөнүн кадыр баркына шек келтирген билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат. Оозеки эскертүү!
13.02.2017. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызык болуптурго
13.02.2017. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Милянфан десе ойлопмун америка окшойт деп,корсо озубуздуку экен?
13.02.2017. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жалан дунгандар жашайбы ошо айылда ээ
13.02.2017. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Arsenal2-эскертүү. Башкалардын улутун кемсинткен билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган.Билдирүүлөрүӊөр өчүрүлдү.
13.02.2017. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Дунгандардын мекени болгон Кытайда журогу эн кара улут деп дунгандард айтышат, мага жакын кытай таанышым айткан.
13.02.2017. 21:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Дунгандар баш которуп калышканго
13.02.2017. 22:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
maks94.kb,дунганданго колуна кишен салып алып барып 3 суткага камап салбайбы деймда
14.02.2017. 09:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kenjebek_a,
1. Такталбаган маалыматты жазуудан алыс болуӊуз.
2. Провокациялык билдирүүлөргө жол берилбейт.
Эскертүү!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: