super.kg logo
  Саясат  

Президент Алмазбек Атамбаев мекендештерибизди 1-Май – Эмгек майрамы менен куттуктады

 

Бүгүн, 30-апрелде президент Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарды 1-Май – Эмгек майрамы менен куттуктады. Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, өлкө башчы бул күн карапайым иштерман адамдардын эмгегин жана жаратмандыгын урматтап белгиленерин айткан. “Бул майрам - эмгектин үзүрү канчалык жогору экендигин билип жана анын натыйжалары менен сыймыктана ала тургандардын майрамы. Бизди бириктирип, бизди бир бүтүн, руханий жана материалдык жактан бай кылган - эмгек. Биринчи май бул - бир жерде жашап жаткан ар башка улуттагы, диндеги, көз караштагы адамдардын ортосунда өз ара түшүнүшүүнүн, тынчтык жана ынтымактын майрамы. Эмгектенип, жаратмандык менен гана биз мыкты жашоого жетише алабыз. Өлкөбүздө тынчтык жана ынтымак болсун! Ушул жаркын майрамда ар бир кыргызстандык  үй-бүлөсүнө, жакындарына татыктуу жашоону камсыз кылгандай  сүйүктүү ишке ээ болуусун каалайм. Биз биргелешип, өз эмгегибиз менен максаттарыбызга – күчтүү, гүлдөп өнүккөн жана туруктуу Кыргызстанды курууга жетишебиз деп терең ишенем”,- деп жазылган билдирүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: