super.kg logo
  Саясат  

Саясатчылар бийликтен шайлоону таза өткөрүүнү талап кылып, резолюцияны кабыл алышты (тизме)

 

Бүгүн, 13-февралда Бишкекте келерки президенттик шайлоого арналган форум аяктады. Анын жыйынтыгында 9 жободон турган резолюция иш-чарада айтылган кошумча-алымчаларды эске алуу менен кабыл алынды.

Иш-чарада саясатчылар Өмүрбек Текебаев, Адахан Мадумаров, Камчыбек Ташиев, Феликс Кулов, Каныбек Иманалиев, Равшан Жээнбеков, Жылдыз Жолдошева, Элмира Ибраимова, Кубатбек Байболов, Абдрахман Маматалиев, Эмилбек Каптагаев, Исмаил Исаков, Турсунбай Бакир уулу, активисттер Мавлян Аскарбеков, Адил Турдукулов, Дайыр Орунбеков жана башка коомдук ишмерлер катышып, резолюция боюнча пикирлерин айтышты.

Резолюциядагы пункттардын тизмеси төмөнкүдөй:

1) 2017-жылкы президенттик шайлоонун таза өткөрүү боюнча моралдык-саясий жоопкерчиликти жана административдик ресурсту пайдаланууга жол бербөө милдети президент Алмазбек Атамбаевге жүктөлсүн;

2) Президент болуп шайланган адам партиясынын тизмесинен биротоло чыгышы керек. Ошондой эле ал президенттиктен кеткенден кийин да бир да партияны колдобош керек;

3) Президентти, Жогорку Кеңештин депутаттарын жана жергиликтүү кеңештерди шайлоолордо автоматташтырылган урналарды колдонуудан баш тартуу;

4) Мамлекет башчынын өзүнүн функцияларын кеңейтүүсүн Конституцияны бузуу деп эсептөө;

5) Конституциянын бийлик бутактарына тиешеси бар беренелерге өзгөртүүлөрү киргизилсе, жаңы шайлоо өткөрүлүш керек;

6) Өкмөттүн социалдык-экономикалык өнүгүү жана экономикага инвестицияларды тартуу боюнча иш-аракеттерине "канааттандырарлык" деген баа берүү;

7) Коррупцияга каршы кызматты Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин курамынан чыгаруу жана УКМКны өзүнүн гана функцияларын аткарууга милдеттендирүү;

8) Келерки президенттик шайлоодо бардык талапкерлерге бирдей шарттарды жана мүмкүнчүлүктөрдү түзүү;

9) Ушул резолюциядагы жоболорду ишке ашырууну көзөмөлдөө Форумдун координациялык кеңешине жүктөлсүн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: