super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

"Акылдуу эсептегичтин" айынан ашыкча каражат эсептелсе Улукттук энергохолдинг ишканасы каражатты кайтарып берет"

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-февралда электр энергиясынын коммерциялык эсебин функционалдык автоматташтырылган маалыматтык-эсептөө системи же болбосо "акылдуу эсептегичтер" боюнча жумушчу жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөт башчысы акыркы кезде «акылдуу эсептегичтердин» иштеши боюнча жарандар тарабынан көп даттануулар айтылып жатканын эскертти.

«Биз тараптан бардык абонеттер менен тиешелүү иштер өткөрүлүп, колдонулган электр энергиясынын так өлчөмүн билүү үчүн рейддик текшерүүлөр жүргүзүлүүдө», - деди «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААКсынын Башкармалыгынын төрагасы Айбек Калиев.

Ал белгилегендей, расмий түрдө абоненттерден 350 даттануу келип түшкөн, анын 331 экспертиза жүргүзүлүп, алар доом жок деп кайра жазып беришти. Калган даттануулар боюнча тиешелүү мамлекеттик органдардын катышуусу менен керектүү текшерүү иштери жүрүп жатат.

«Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААК Башкармалыгынын төрагасы эгерде кайра төлөп берүү болуп калса, компания абоненттердин ашыкча каражаттарын эсептеп, кайтарып берүүгө даяр экендигин билдирди.

Ал мындай абал 2016-жылдын декабрь айында жана 2017-жылдын январь айында техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам келип чыкканын кошумчалады.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков мындай көрүнүштөрдүн кайталаныша жол бербөөнү жана азыркы абал боюнча абоненттердин «акылдуу эсептегичтер» тууралуу кайрылуусуна даректүү ыкчам жооп берүүнү тапшырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: