super.kg logo
  Саясат  

Депутаттык комиссия саламаттыкты сактоо министринин ишин текшерет

 

Парламентте саламаттыкты сактоо тармагын, анын ичинде министрдин ишин текшерүү боюнча депутаттык комиссия түзүлдү. Мындай чечим бүгүн, 13-февралда Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин отурумунда “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Айсулуу Мамашеванын сунушунан кийин кабыл алынды.

Белгилүү болгондой, эл өкүлүнө дарыгерлер кайрылышкан, алар саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев тарабынан кысым көрсөтүлүп жатканын айтышкан.

“Мындан тышкары Бишкек шаарынын саламаттыкты сактоо департаментинин башчысы Кубанычбек Кулбатыров Талантбек Батыралиев колдой турганын айтып, эмгек мыйзамын бузуп жатканын билдирип мага кайрылышты. Алардын ичинде кээ бири пенсионер”, - деди Мамашева.

Ал эми КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков Батыралиев аны президент кабыл алганын айтып, мактана турганын кошумчалады.

“Сизди президент кабыл алып жатканы менен эл кабыл албай жатпайбы. Башкаларды айтпай эле коёлу сизди жамаатыңыз кабыл албай жатат”, - деди Момбеков.

Ошол эле учурда отурумга катышып жаткан министр Талантбек Батыралиев анын дарегине айтылган сөздөрдү ушак катары баалап, мыйзам чегинде иштеп жатканын билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: