super.kg logo

"Түндүк электр" ишканасы абоненттерден түшкөн арыздын негизинде "акылдуу эсептегичтерди" текшерди (фото)

 
"Түндүк электр" ишканасындагы инженер-программист Адилтай Керимбаев

Бүгүн, 13-февралда "Түндүк электр" ишканасынын кызматкерлери абоненттерден түшкөн арыздын негизинде алардын үйүнө барып, "акылдуу эсептегичтерди" текшерип чыгышты. Адистердин айтымында, көп төлөм жазылып жаткандыгынын дагы бир себеби - үйлөрдүн бир нече адамга батирге берилип жаткандыгы жана баарына бир эсептегич орнотулганында. Бир нече текшерүүдөн соӊ эсептегич туура иштелип жаткандыгы айтылып, абоненттерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Андан соӊ "акылдуу эсептегичтердеги" төлөм эсептер түшкөн жай журналисттерге көрсөтүлдү. Аталган жайдагы инженер-программист Адилтай Керимбаевдин айтымында, "акылдуу эсептегич" суткасына канча киловатт электр энергиясын короткону боюнча бардык маалыматтарды атайын серверге берип турат.

"Бул жерде инженер-программисттер эсептөөлөрдүн баары келип жатканын көзөмөлдөшөт. Ар бир эсептегичтин өзүнүн маалыматтары бар, белгилүү бир убакытта байланышка чыгып, маалымат берип турат. Анын баары серверге келет, кийин биз аны карап, билинг системине жиберебиз. Анда маалыматтар иштелип чыгып, абоненттерге төлөм болуп келет. Эгерде кимдир бирөө "акылдуу эсептегичти ачып, бир нерсе жасай турган болсо, бул тууралуу да бизге белги келет. Анын негизинде текшерүү жүргүзүп, кайсы абонент эреже бузганын аныктайбыз ", - деп билдирди А. Керимбаев.






"Акылдуу эсептегичтеги" маалыматтар түшкөн жай

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
13.02.2017. 21:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Угушумча акылдуу счетчиктер активный энергияны да и реактивный энергияны эсептеп атат.ошондуктан коп сумма чыгып жатат.а мурунку жонокой электр счетчиктер болгону активный энергияны гана эсептечу.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: