ЖЫЛНААМА, 14-ФЕВРАЛЬ: Кыргыздын чыгаан спортчусу Канатбек Бегалиев 33 жашка толду




Грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу, грек-рим күрөшү боюнча "Бээжин-2008" Олимпиадасынын күмүш медалынын, "Даңк" медалынын ээси, чыгаан спортчу Канатбек Бегалиев 33 жашка толду. Ал 1984-жылы 14-февралда Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Өзгөрүш айылында жарык дүйнөгө келген. Эл аралык класстагы спорт чебери. 2003-жылы Азиянын чемпиондугунда коло медалга ээ болгон. 2013-жылы карьерасын жыйынтыктап, курама команданын машыктыруучусу болуп дайындалган. Ал эми 2017-жылы улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу болгон. Үй-бүлөлүү.
14-февралга каата жылнаама
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Бирок карерьаны эрте бутуруп койгону чатак болуптурда