super.kg logo

Мухаммедкалый Абылгазиев: "Малды идентификациялоо Өкмөттүн өзгөчө көзөмөлүндө болот"

 

Биринчи вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын 2016-жылды жыйынтыктаган коллегиясына катышты. Анын жүрүшүндө малды идентификациялоо өкмөттүн өзгөчө көзөмөлүндө болорун айтты. Бул тууралуу 14-февралда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Биринчи вице-премьер-министр өлкөнүн экономикасына салым кошо турган багыт катары лабораторияларды, мал союучу жайларды куруу иштерин бүтүрүү олуттуу милдет экенин айтып, республика боюнча малды идентификациялоо иштери өкмөттүн өзгөчө көзөмөлүндө болорун айтты. Ошондой эле 2017-жылы саан уйларды идентификациялоону аягына чыгаруу зарылдыгын эскертти.

Мухаммедкалый Абылгазиев республика боюнча мал союучу жайларды иретке келтирүү иштерин, анын ичинде Бишкек, Ош шаарларындагы эт саткан жайлардын ишин сынга алды. Буга байланыштуу Бишкек жана Ош шаарларынын ветеринардык башкармалыктарына 2017-жылдын май айына чейин тармакты иретке келтирүүнү тапшырды.

"Республика боюнча ветеринардык адистердин жоопкерчилигин күчөтүп, алардын кесипкөйлүгүнө өзгөчө көңүл бурушубуз керек. Бул тармакта билим алган адистерди табуу кыйын. Андыктан ишти каалаган айыл тургунуна жүктөп коюу тармактын ишмердүүлүгүн алсыратып, эл арасында туура эмес пикирлерди жаратат. Калк арасында түшүндүрүү иштери жакшы болгондо гана ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн жардамы менен ишти аягына чыгарууга болот", - деди Биринчи вице-премьер-министр.

Учурда республика боюнча 50 миңден ашык бодо мал идентификациядан өткөрүлүп, 450 миң сомдон ашык каражат чогулду. Долбоордо пилоттук аймак катары алынган Чүй облусунун Ысык-Ата району боюнча 15 миң мал идентификацияланып 134 миң сомдой каражат, ал эми Ош облусунун Ноокат районунда 19 миң мал идентификациядан өтүп, андан 300 миң сомго жакын каражат чогулду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
14.02.2017. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Малдарды эмес малды идентификациялоо деп айтуу жана жазуу керек, анткени кыргыз тилинде да саналуучу жана саналбоочу зат атоочтор бар.Номер белгисинен кийин да дефис коюлбай жазылат.Ал озу эле иреттик сан атоочту билдирет. Басма соз каражаттары элдин сабатын калыптандырууда чон роль ойнойт. Ошондуктан гезиттин стили дебестен туура жазуу зарыл. Ал турсун муну кыргыз тилинин жазуу эрежелеринен карап корсо болот.Менин сунушумду корректор менен редактор эске алат деген ойдомун.Рахмат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: