super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ӨКМ: "Төө-Ашууда кардын калыңдыгы 1,70 метрге жетти. Көчкү түшүү коркунучу бар"

 

Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашууда кардын калыңдыгы 1,70 метрге жетти. Көчкү түшүү коркунучу сакталууда. Бул тууралуу бүгүн, 14-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, бүгүнкү күндө тоолуу аймактардагы кардын калыңдыгы жана жолдорго кар көчкү түшүү коркунучу бар экени аныкталып жүргүнчүлөргө эскертүү берилүүдө. Бишкек-Ош автоунаа жолундагы 121-128-чакырымдарында Төө-Ашуу ашуусунун түндүк тарабында кардын орточо бийиктиги 40-70 сантиметр. Түштүк тарабында 70 сантиметрден 1 метр 70 сантиметрге чейин жетет.

"Өтмөк-Талас авто жолундагы Өтмөк ашуусунда кардын бийиктиги 85 сантиметрди түзөт. Жолдор тайгак болуп муз тоңгон. Кар көчкү коркунучу бар. Бишкек-Ош автоунаа жолунун Ала-Бел ашуусу жана Чычкан капчыгайында 198-230 чакырымдарында жолдор тайгак болуп муз тоңгон. Кардын орточо бийиктиги 1 метр 20 сантиметрди түзөт. Кар көчкү коркунучу бар. Ал эми Ала-Бука-Канышкыя жолунун Чапчыма ашуусунда 1 метр 25 сантиметр кар бар. Ашууда кар көчкү коркунучу сакталууда", - деп айтылат маалыматта.

ӨКМнын билдирүүсүнө караганда Кара-Кулжа-Алайкуу-Кызыл-Жар участкасында кардын орточо бийиктиги 1 метрге жетет. Бишкек-Торугарт авто жолунун Долон ашуусунда 70 сантиметр кар бар. Көчкү түшүү коркунучу төмөн. Нарын-Казарман унаа жолундагы Кара-Көө ашуусунда 1,50 метр кар жааган. Кар көчкү коркунучу сакталат. Ал эми Каракол-Эңгилчек унаа жолундагы Чоң-Ашуу ашуусунда 1 метрден ашуун кар бар. Көчкү түшүү коркунучу бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: