Кыргыз мамлекетине дары-дармектин 97 пайызы импорттолуп келет
Кыргыз мамлекетине дары-дармектин 97 пайызы импорттолуп келет. Бул тууралуу бүгүн, 14-февралда парламенттеги эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында дары-дармек менен камсыздоо департаментинин директору Гүлмира Шакирова билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө 3 пайыз гана дарылар даярдалат. Жалпы товар жүгүртүү көлөмү – жылына 10 миллиард сом.
Ал эми “Республика-Ата-Журт” фракциясынын депутаты Руслан Казакбаев дарылардын канчасы аткезчилик жолу менен келе турганын сурады.
Аталган департаменттин директорунун орун басары Жаңыл Жусупова бул суроо аларга тийиштүү эмес экенин билдирди. Ошол эле учурда ал 2016-жылы дарыканаларда 100 миң сомдук дарылар аткезчилик жолу менен алынып келингени белгилүү болгонун кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:40
2025-11-10
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(5)
omka100514
14.02.2017. 12:03
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстандан парацетамол, антигриппин, амбраксол, мукалтин, цитирамон, аналгин эле чыкса керек
palina
14.02.2017. 12:14
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айтор импорттплуп келген дары дармектердин баасы асман чапчыйт.уулумдун тиши жарып кыжырданганынан улам камистад беби мазь колдоном 3ай мурун ош базардагы дарыларды дунунон саткан жерден 150 сомго алган болчум.кечээ шаардын аптекаларынан алдырсам 250сом экен.бул эмне деген шумдук 100оной акча эмес да карапайым калк учун.
palina
14.02.2017. 12:18
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул бир эле мисал жогорудагы департамент дарылардын баасын козомолдосо болот эле.ар ким каалаган баасын коюп сата берсе болмок беле сол чонтокторун байытып.
chikeusenov
14.02.2017. 12:37
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ошол аптекалардан ценаларды козомолдоп кичине тартипти ондошпойбу бири бирин чукубай аптекаларда озуна келген цена айтышат откондо арзан аптекага кирир дарыны 15 сомдон алсан ошол эле башка аптекада 35 сомдон 50 сомго чейин ошол турабы озунун ценасынан эки уч эсе кошуп
Sayragul
14.02.2017. 13:45
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Озу деги жеке аптекалардын жоопкерчилигин козомолдогон эч ким жок. Ар кимиси ар турдуу сатышат.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















