Сары-Таш-Карамык жана Дароот-Коргон-Чак унаа жолдорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталат
Сары-Таш-Карамык жана Дароот-Коргон-Чак унаа жолдорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталат. Бул тууралуу бүгүн, 14-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Сары-Таш-Карамык унаа жолунун 98-123-135-чакырымдарында жана Дароот-Коргон-Чак унаа жолунун 2-чакырымында кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Мындан улам 14-февралдан 19-февралга чейин кар көчкүнү атайылап түшүрүү иш-чаралары жүргүзүлөт.
"Аталган иш-чараны Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ыкчам тобу жетектейт. Кар көчкүнү атайылап түшүрүү иш-чараларына Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын артиллериялык расчёту тартылат. Кар көчкү түшүрүлүп жаткан тилке убактылуу жабылат, унаа жолдор толугу менен жабылбайт", - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:40
2025-11-10
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















