super.kg logo
  Саясат  

Ирина Карамушкинаны мандаттан ажыратуу үчүн кол топтолууда

 

Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкинаны мандаттан ажыратуу үчүн кол топтоо жүрүүдө. Демилгечи - активист Руслан Бекназаров. Маалыматка таянсак, Карамушкинаны кызматтан кетирүүнү колдогондор атайын баракка (үлгүсү жарыяланды) аты-жөнүн, жашаган жерин жазып кол коюшу керек. Аймактарда кол топтоо бүткөндө, толтурулган барактар Бишкекке жөнөтүлүшү шарт.

Белгилей кетсек, өткөн аптада Ирина Карамушкина мамлекеттик кызматкерлер аптанын бешинчи күндөрү жума намазга кетип жатканын, иш убактысында ордунда жок кызматкерлер боюнча шайлоочулардан түшкөн даттануулар бар экенин айткан эле. Бул кырдаалды териштирүү үчүн депутаттык комиссия түзүүнү да сунуштаган. Мындай билдирүүдөн кийин социалдык түйүндөрдө Карамушкинанын дарегине катуу сындар айтылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: