Аксы, Ала-Бука районундорунда калың кардан чатыры талкаланган турак үйлөрдүн ээлерине шифер таратылды
Аксы, Ала-Бука районундорунда калың кардан чатыры талкаланган турак үйлөрдүн ээлерине шифер таратылды. Бул тууралуу бүгүн, 14-февралда ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, буга чейин жааган калың кардын кесепетинен жабыр тарткан турак үйлөрдү калыбына келтирүү максатында Аксы районуна 598 даана, Ала-Бука районуна 30, жалпы 628 даана шифер бөлүнүп, турак жайлары жабыркаган үй-бүлөлөргө таркатылып берилген.
Эске салсак, 3-4-февралда тынбай жааган кардын калыңдыгы 70 сантиметрден ашып, турак үйлөрдүн жана социалдык имараттардын шиферлери сынган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:40
2025-11-10
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















