super.kg logo
  Саясат  

Жантөрө Сатыбалдиев кыргыз элин 1-Май - Эмгекчилердин эл аралык тилектештик күнү менен куттуктады

 
Кыргызстандын премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев бүгүн, 30-апрелде өлкө элин 1-Май - Эмгекчилердин эл аралык тилектештик күнү менен куттуктады. Куттуктоонун мазмуну төмөндөгүдөй:

 

"Урматтуу мекендештер!  

 

Өкмөттүн жана жеке өзүмдүн атымдан сиздерди эмгекчилердин майрамы – 1-Май майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын! Бул майрам бардык эмгекчилердин тилектештик күнү. Эмгек майрамы адамзат үчүн эң баалуу болгон эмгекчилдик жана теңдик сыяктуу түшүнүктөрдү өзүнө камтып турат. Адамзаттын эмгегисиз бир дагы коомчулукта өнүгүү-өсүү болбой тургандыгы айкын.

 

Ар бир адамдын өмүрүндө эмгек ыйык жана өзгөчө мааниге ээ баалуулук болуп саналат. Эмгек аркылуу гана алдыга койгон ой-максаттарыбызга жете алабыз. Адам өмүрү ак ниет, максаттуу эмгек аркылуу гана толук кандуу жашоого айлана алат. Өкмөт тарабынан адам эмгегинин маанисин жана баркын мындан ары да жогорулатуу максатында бир катар иш-чараларды өткөрүү планы иштелип чыккан. Биздин өлкөдө жарандарыбызга бардык тармактарда жемиштүү эмгектенүү аркылуу өлкөбүздүн экономикасынын өнүгүшүнө өз салымын кошууга шарт түзүлгөн.

 

Урматтуу мекендештер!

 

Сиздерди жаз жана эмгек майрамыңыздар менен кызуу куттуктап, эмгектеги жаңы, чоң ийгиликтерди жана чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт каалаймын!" 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: